Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 23:16

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы мекеме жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев боюнча билдирүү таратты. Анда бомба тууралуу жалган маалыматка байланышкан кылмыш иши Зилалиевге карата эмес, туура эмес кабар берүү фактысы боюнча козголгону белгиленген. Тараптардын бардык көрсөтмөлөрү текшерилип жатканы жазылган.

Буга чейин УКМК "президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба коюлду" деген кабар боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулайманов "ИИМ академиясынын курсанты жардыруучу зат тууралуу жалган кабарды Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдиргенин айтты" деп кошумчалаган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өткөн. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы ант берүү аземинен кийин Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев түшкөн машинени төрт автоунаа жана беш мотоцикл коштоп Ак үйгө келген. Ошол күнү укук коргоо органдарына "кортеж өтүүчү жолго бомба коюлду" деген маалымат түшүп, анын жалган экени аныкталган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ага бул тууралуу 1532 ВК мамлекеттик номерлүү "Лексус" машинесинен белгисиз бирөө билдиргенин жазып чыгышкан. Кийинчерээк машиненин номери Зилалиевге таандык деген маалыматтар чыккан. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG