Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Инаугурацияда бомба коюлду деген маалымат боюнча кылмыш иши козголду 


Инаугурация күнүндөгү президенттик кортеж.
Инаугурация күнүндөгү президенттик кортеж.

Президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка расмий киришүү алдындагы инаугурация күнү бомба коюлду деген кабар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын ырасташынча, ИИМ академиясынын курсанты жардыруучу зат тууралуу жалган кабарды Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдиргенин айткан:

- 2017-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишине жардыргыч зат коюлган деген жалган маалымат түшкөн. Бул факты боюнча чогулган материалдардын негизинде Улуттук коопсуздук комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы 1-декабрда Кылмыш кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланып жатат. Ички иштер министрлигинин академиясынын курсантынын билдиргенине караганда, жардыруучу зат тууралуу маалымат берген адам Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Зилалиев болуп чыгып жатат. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тараптардын бардык маалыматтары текшерилүүдө.

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Дуйшөнбек Зилалиевден УКМКнын маалыматы боюнча комментарий алууга мүмкүн боло элек. Дүйшөнбек Зилалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун 23-ноябрдан тартып жетектей баштаган.

Ал эми жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтүп, ал расмий түрдө кызматына киришкен. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы ант берүү аземинен кийин Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев түшкөн машинени төрт автоунаа жана беш мотоцикл коштоп Ак үйгө келген. (NT)

XS
SM
MD
LG