Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 11:23

Жээнбеков Ташкентте Каримовдун эстелигине гүл койду


Cооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандагы эки күндүк расмий иш сапары башталды. Бүгүн түштөн кийин Ташкентке барган Жээнбековду аэропорттон Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов салтанаттуу тосуп алышты.

Президент Ташкентте Мустакиллик аянтында Гуманизм жана көз карандысыздык монументине, мурдагы өзбек лидери, маркум Ислам Каримовдун эстелигине гүл койду.

Президенттик аппарат маалымдагандай, мамлекет башчы иш сапарынын жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, премьер-министр Абдулла Арипов, парламент спикери менен жолугуп, сүйлөшүү жүргүзөт.

Өзбек лидери менен бир катар документтерге кол коюлат. Арасында каржы тармагындагы кызматташтык жөнүндө өкмөт аралык келишим, эки өлкөнүн Улуттук илимдер академияларынын илимий-техникалык багытта кызматташтыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, жаштар иштери, бажы тармагындагы карым-катыш тууралуу документтер бар. Мамлекет башчылары жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашат.

Расмий сапар учурунда чек ара маселеси боюнча сүйлөшүү болот, бирок бул багытта документтерге кол коюлбайт. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын 85 пайызы такталган. Калган 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG