Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:50

Таласта дагы бир окуучу өз жанын кыйды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында тогузунчу класстын окуучусу асынып алды.

Бул маалыматты жергиликтүү тургундар  "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, өспүрүм Субанбеков атындагы орто мектепте окуган.

Баланын ата-энеси Казакстанда болгондуктан, ал таенеси менен жашап жүргөн. Окуянын чоо-жайы боюнча мектеп директору жана милиция комментарий бере элек. 

Ушуну менен Талас облусунда бир жума ичинде эки окуучу өз жанын кыйды. 

11-декабрда Талас районундагы Шабданбек Жумагулов атындагы лицей-интернаттын 9-классынын окуучусу Аяна Огунованын сөөгү өз үйүндө асынган абалда табылган. Кыздын жакындары бул үчүн анын мугалимин күнөөлөп, мектеп жетекчилиги ага коюлган дооматты четке кагып жатат. (AlS)

XS
SM
MD
LG