Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 20:49

Түркиядагы саммит Трамптын Иерусалим боюнча чечимин четке какты


Ислам кызматташтык уюмунун саммити. Стамбул, 13-декабрь, 2017-жыл.

Ислам кызматташтык уюмунун Стамбулдагы саммити “Ал-Кудустун (Иерусалимдин араб дүйнөсүндөгү аты) эркиндиги үчүн” деп аталган декларация кабыл алды. Анда бул уюмдун мүчөлөрү АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимин “четке кагып жана айыптай" тургандыгы айтылган.

Ислам кызматташтык уюму АКШ президенти Дональд Трампты алар баалагандай “мыйзамсыз жана аймакта хаос жаратышы мүмкүн болгон чечимин кайра кароого” да үндөдү.

Декларацияда Палестинаны тааныбаган өлкөлөрдү аны таанууга, “ал эми бүткүл дүйнөнү Чыгыш Иерусалимди” Палестинанын борбору катары таанууга да чакырык ташталган.

Мындай үндөө менен саммиттин катышуучуларына Ислам кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы - Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да кайрылган:

- Мен эл аралык укукту жана адилеттикти колдогон бардык мамлекеттерди Иерусалимди Палестинанын оккупацияланган борбору катары таанууга чакырам. Биз мындан кечиге албайбыз.

Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас саммиттеги сөзүндө "АКШ акыркы кадамы менен өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараян боюнча ортомчулук ролун аягына чыгарды" деген пикирин кайталады.

Түркия чукул саммитти АКШ президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимине мусулман мамлекеттеринин бирдиктүү мамилесин аныктоо максатында чакырган.

Трамптын 6-декабрдагы жарыясы АКШнын Европа менен Жакынкы Чыгыштагы башкы өнөктөштөрүнүн сын пикирлерин, мусулман дүйнөсүндө болсо нааразылыктарды жаратты. Бул окуя Палестин аймактарында кагылышууларга алып келди.

АКШ президенти өз чечимин “реалдуулукту таануу” деп түшүндүрүп, бул анын өз өлкөсүнүн Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянынан четтеши эмес деп чечмелеген.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өзүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрөт. Шаарды азыр толук Израил көзөмөлдөгөнү менен эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына анын суверенитетин тааныган эмес. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG