Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Мамкаттоо кызматы "Kloop.kgнин" иликтөөсү боюнча УКМКга кайрылат


Аталган кызматтын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов УКМКга кайрылууга "Kloop.kg" бул маселени кайра-кайра көтөрүп жатканы себеп болгонун айтты. Ал Мамкаттоонун IT-адистери органдын серверине тыштан кийлигишүү болбогонун буга чейин аныктаганын белгиледи.

"Kloop.kg" сайты 26-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтар коомчулукка белгисиз "Samara.kg" сайтына көчүрүлүп, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турганы жазылган. Ал сайт үгүт өнөктүгүндө добуш берүүгө кимдин келип-келбегенин белгилеп турганы айтылат.

Каттоо кызматы бул маалыматты чагым деп атап жүрөт.

- Биз мунун баарын төгүндөп, жокко чыгарганбыз. "IT-адистер органдын серверине тыштан кийлигишүү болгонун аныктаган жок" деп билдиргенбиз. Ошого карабай булар ушул маселени кайра-кайра көтөрүп жатат. Компетенттүү орган катары өз баасын берсин" деп мындан аркы иликтөөнү УКМКга беребиз. .

Каттоо кызматынын адистери бүгүн иликтөө материалда айтылган "Samara.kg" сайты тууралуу маалымат берет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG