Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 09:02

Бүгүн,14-декабрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандагы расмий иш сапары уланат. Анын алкагында Жээнбеков бул өлкөнүн премьер-министри, парламент спикери менен жолугушат. Ушул эле күнү кыргыз-өзбек президенттери Жээнбеков жана Шавкат Мирзиёев өнөр жай көргөзмөсүнө катышат.

Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандагы расмий иш сапары 13-декабрда башталган. Кечээ эки өлкө президенттери жолугуп, чек ара, бажы, транспорттук байланыш, экономикалык жана маданий кызматташтык тууралуу сүйлөшкөн. Соңунда бир катар документтерге кол коюлду. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG