Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:48

Тажик бийлиги Ооганстан менен чек арасын жапты 


Тажик бийлиги Фархор районундагы көзөмөл-өткөрмө бекетин жаап, Пянж дарыясындагы беш көпүрөдөгү каттамга бөгөт койду.

Хатлон облусунун администрациясындагылар кабарлашкандай, Ооганстан менен чектеш Шамсиддини Шохин районунан тартып Тоолуу Бадахшанга чейинки аймак коопсуздук маселелеринен улам жабылды.

Ооганстандын Бадахшан провинциясынын губернатору Ахмад Файсал Бекзод чек ара жабылганын ырастады.

- Чек араны ачуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул провинциянын жашоочулары үчүн маанилүү, себеби ушул маалда калың түшкөн кардан улам Ооганстандын борбордук бөлүгүнө барыш кыйын. Негизинен күзүндө жана кышында биз азык-түлүктү Тажикстандан гана алабыз, - деди ооган аткаминери.

Акыркы жолу чек ара ооган аткезчилери менен тажик чек арачыларынын ортосундагы кагылышуудан кийин жабылган. 2-декабрдагы болгон бул окуянын натыйжасында тажик полковниги мерт болгон.

XS
SM
MD
LG