Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:19

ӨКМ: Өрт чыккан эки үйдө коопсуздук эрежеси сакталган эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунда 13-декабрда эки үйдө өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки учурда тең тилсиз жоого коопсуздук эрежелери сакталбаганы түрткү болгонун билдирди.

Маалыматка караганда, Токмок шаарындагы Железнодорожная көчөсүнүн №173 дарегинде жайгашкан үйдө мештин мору туура эмес салынгандыктан өрт чыгып, сарайдын жана мончонун чатыры күйүп кетти.

Ушул эле күнү Ысык-Ата районунун Бирдик айылындагы Аламанов көчөсүндө жайгашкан турак жайда да өрт чыккан. Буга электр жабдууларын кураштыруу эрежеси бузулганы себеп болгону айтылды.

Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы өлкөдө катталган өрт кырсыктарынан 40тан ашык киши каза болуп, 20дан көбү ар кандай жаракат алышты.

Быйыл былтыркыдан өрт кырсыктары 12,4 пайыз көп катталып, материалдык чыгым 378 миллион сомдон ашты. Жалпысынан 2500дөн ашуун өрт кырсыгы болгон.

XS
SM
MD
LG