Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 11:54

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкек шаарынын аймагына кире турган автоунаа үчүн айдоочудан акы алыш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламент жыйынында айтты.

Депутат шаарда автомашиналардын көптүгү абаны булгап жатканын жүйө келтирип, абал кооптуу чекке жетип калганын, мунун айынан түрдүү онкологиялык, өпкө ооруларга кабылган адамдар көбөйөрүн белгиледи.

- Өкмөт автотранспорт каражаттарына салык киргизүүгө макул болбой койду. Анда мындай укукту жергиликтүу бийликке берели. Алар салык өлчөмүн өзүлөрү аныкташсын. Популярдуу эмес чараларга да барууга аргасызбыз. Бишкекте катталган машинелерге, балким, көбүрөөк салык коюш керек. Анда көбү башка аймактарга каттата баштайт чыгаар. Мындай болсо Бишкекке кирүү үчүн акы төлөтүү керек болот. Андан башка аргабыз барбы?

Бекешов машиналардын өндүрүлгөн жылы жана кыймылдаткычынын көлөмү тууралуу маалымат мурда жабык болуп келгенин, эми аны өкмөт ачыкка чыгаргандан кийин өлкөдөгү автоунаанын 80% техникалык жактан эскилиги жетип калганы аныкталышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Бишкек шаарындагы атмосфералык абанын булганышы боюнча маселе өткөн аптада өкмөттө каралган. Кеңешмеге өлкөдөгү мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология боюнча эксперттер катышкан. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG