Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Кыргызстан Иерусалим боюнча турумун ачыктады


Ислам кызматташтык уюмунун саммитинин катышуучулары. Стамбул. 13-декабрь, 2017-жыл.
Ислам кызматташтык уюмунун саммитинин катышуучулары. Стамбул. 13-декабрь, 2017-жыл.

Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Иерусалим шаарына байланышкан маселе боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан ал-Кудс (Иерусалим) шаарынын укуктук жана тарыхый макамынын тегерегиндеги чыңалууга терең бушайман.

Шадиев "бул маселе эл аралык кызматташтыкка жана эл аралык коопсуздукка олуттуу таасирин тийгизип, дүйнөлүк коомчулуктун конструктивдүү жетишкендиктерин, анын ичинде БУУнун жана башка эл аралык институттардын ишин солгундатып, Жакынкы Чыгыштагы абалдын чыңалышына алып келиши ыктымал" деп айтты.

Ошондой эле "Ал-Кудс Аш-Шариф (Иерусалим) шаарынын макамы боюнча бардык чечимдер эл аралык укук ченемдерине жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюцияларына жооп бериши тийиш. Ыйык шаардын макамы боюнча терең ойлонулган чечимдин кабыл алынышы гана Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессинин келечегин чийип салбоого мүмкүндүк берет", - деп кошумчалады.

Шадиевдин айтымында, эл аралык коомчулук өз күч-аракетин бул маселеде, ириде БУУнун Башкы Асамблеясынын жана Коопсуздук кеңешинин резолюциясына дал келген акыйкат чечимге жетишүүгө багыттоого тийиш.

Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммити Түркиянын демилгеси боюнча Иерусалим шаарынын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу чакырылган. Стамбулдагы саммитке Кыргызстандан вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев баштаган делегация катышууда. Курамында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов да бар.

АКШнын президенти Доналд Трамптын 6-декабрдагы жарыясы Американын Европа менен Жакынкы Чыгыштагы башкы өнөктөштөрүнүн сын-пикирлерин, мусулман дүйнөсүндө нааразылыктарды жаратты. Палестин аймактарында анын чечими кагылышууларга түрткү болду.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрөт. Шаарды азыр толук Израил көзөмөлдөгөнү менен эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына анын ээлигин тааныган эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG