Линктер

бейшемби, 18-январь, 2018 Бишкек убактысы 07:53

Кыргызстанда 15-декабрда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерин маал-маалы менен туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Суусамырда түнкүсүн -22…-27, күндүз -4…-9;

Таласта түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3;

Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;

Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6;

Ысык-Көлдүн дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;

Бийик тоолордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -5…-10 градус суук.

Бишкекте 15-декабрда маал-маалы менен туман каптайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн -6…-8, күндүз -2…-4 градус төмөндөйт.

XS
SM
MD
LG