Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Беш жашка чейинки балдардын 2,8% тоё тамактанбайт


Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринен тартылган сүрөт. 2017-жыл.
Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринен тартылган сүрөт. 2017-жыл.

Кыргызстанда беш жашка чейинки балдардын 2,8% жетиштүү тамактанбайт. Бул тууралуу бүгүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 2016-жылы жүргүзгөн изилдөөдөн кийин ушундай жыйынтыкка келген.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында "Кыргызстандагы балдардын 13% тоё тамак жебейт" деген кабар чыккан. Министрлик бул төрт жыл мурдагы маалымат экенин, андан бери абал кыйла оңолуп калганын белгиледи.

“Кыргызстан абдан жакшы жетишкендиктерге ээ болууда. Биздин өлкө - кирешеси аз болсо да бул көрсөткүчтү жакшыртып жаткан мамлекеттердин бири”, деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ошол эле статистикалык маалыматка караганда, Казакстанда бул көрсөткүч 3,1%, Тажикстанда 9,9%, Түркмөнстанда 4,2% түзөт.

Быйыл тогуз айда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги оор турмуштук шартта жашап жаткан 5581 баланы аныктап, ар бири боюнча жардам берүү планын түзгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG