Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Тажикстанда ишкерге "курттаган ун сатты" деген айып тагылды


Куляб шаардык прокуратурасы "Сугдиён" ун чыгаруучу ишканасынын башчысы Вали Давлатовдун иши сотко өткөргөнүн кабарлады. Ал кардарларды алдаган деп айыпталууда. Текшерүү учурунда компаниянын кампаларынан мөөнөтүнөн өтүп кеткен 1200 кап ун табылган.

Прокуратура Давлатовго карата "Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товар жана өндүрүм чыгаруу, сактоо жана сатуу", "Кардарларды алдоо" жана "Шалаакылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Вали Давлатовдун күнөөсү далилденсе, ал ири өлчөмдө айыппул төлөп же 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Тажикстандарт" кампадагы ундан курт, күбө табылганын билдирүүдө.

Бул компаниянын уну буга чейин сапаттуу катары эсептелип келген. Ишкананын өкүлдөрү окуя боюнча комментарий беришкен жок.

XS
SM
MD
LG