Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:47

"АрселорМиттал Темиртау" иш таштаган кенчилер боюнча сотко кайрылды


Иш таштаган кенчилердин туугандары. 12-декабрь, 2017-жыл.
Иш таштаган кенчилердин туугандары. 12-декабрь, 2017-жыл.

Казакстанда 11-декабрдын таңында иш таштаган "АрселорМиттал Темиртау" ишканасынын кенчилеринин басымдуу бөлүгү дагы эле жер алдынан чыга элек. Компания алардын иш-аракеттерин мыйзамсыз деп таанууну өтүнүп сотко кайрылганын "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

Караганды облусундагы бул металлургиялык ишкананын төрт шахтасында 700дөй киши иш таштап, кенде отуруп алышкан. Алар айлыкты 100% көтөрүү, пенсияга 50 жаштан чыгаруу жана башка талаптарды коюшууда.

13-декабрда алар менен Караганды облусунун акими сүйлөшкөн соң алардын 150дөн ашыгы жер үстүнө чыкканы кабарланды.

Буга чейин "АрселорМиттал Темиртаунун" жетекчиси Парамжит Калон мындай ыкма менен жумушчулардын маселеси чечилбесин, кенчилер жер үстүнө чыкканда гана талаптарын талкуулай алаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG