Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 03:40

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы "Kloop.kg" сайтындагы макала боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Мекеменин алдындагы "Инфоком" ишканасынын маалыматтык системалар бөлүмүнүн башчысы Эрик Табалдиевдин айтымында, кызматтык иликтөөдө Мамлекеттик каттоо кызматынын серверине тыштан кийлигишүү же башка бир сайттын жайгаштырылганы далилденген жок. Табалдиев ушундай эле иликтөөнү "Азия-инфо" интернет-провайдери да жүргүзгөнүн, анда да "Samara.kg" сайтынын серверге жайгашканы аныкталбаганын кошумчалады.

Ошол эле маалда "Клооп" сайтынын түзүүчүлөрүнүн бири, сөз болуп жаткан макаланын автору Ринат Тухватшин Мамлекеттик каттоо кызматы иликтөө жүргүзүүдө көп жагдайларды көз жаздымда калтырганын белгиледи. Мекеме "Samara.kg" сайтынын серверге жайгашканын "атайлап жашырууга аракет кылып жатат" деп сындады.

"Kloop.kg" сайты 26-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтар коомчулукка белгисиз "Samara.kg" сайтына көчүрүлүп, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турганы жазылган. Ал сайт үгүт өнөктүгүндө добуш берүүгө кимдин келип-келбегенин белгилеп турганы айтылган. Мамлекеттик каттоо кызматы бул маалыматты "чагым" деп атап, УКМКга кайрыларын билдирип жатат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы болуп шайланган. (NT/BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG