АКШнын президенттик администрациясы Түндүк Корея жүрүм-турумун олуттуу өзгөртмөйүнчө бул өлкөнүн жетекчилиги менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес экенин билдирди.
Бул билдирүү Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун сөзүнө кайчы келүүдө. 12-декабрда Тиллерсон Пхеньян менен анын өзөктүк программасы боюнча алдын-ала шарт койбостон сүйлөшүү баштоону сунуш кылган.
"Түндүк Кореянын кезектеги ракета сыноосун эске алганда, азыр сүйлөшүү жүргүзө турган учур эмес экени анык" деди шаршембиде Ак үйдөгү Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү. Президент Дональд Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастердин айтканы да ушуга үндөш.
"Биз Түндүк Кореяга жасаган басымыбызды эч бошотпойбуз же алар коюшу мүмкүн болгон ар кандай талаптарды аткарып, каржы төлөп бербейбиз. Анткени бул режим өз саясатынын алкагында такай опуза талапты колдонуп келерин билесиңер", деди Макмастер 14-декабрда.
Түндүк Корея быйыл эле жыйырмадан ашык ракетасын, анын ичинде континент аралык баллистикалык ракетасын эки сыйра сынап, алтынчы жолу өзөктүк жардыруу да жүргүзгөн.
Вашингтон буга чейин сүйлөшүүлөр башталышы үчүн Пхеньяндан өзөктүк программасын токтотушун талап кылып жүргөн. АКШ Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтууну көздөгөнүн билдирип жүрөт.