Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

CPJ тажик бийлигин журналист Мирсаидовду бошотууга чакырды


Хайрулло Мирсаидов.
Хайрулло Мирсаидов.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) тажик бийлигин журналист жана КВНчи Хайрулло Мирсаидовду абактан бошотуп, ага коюлган айыптарды алып салууга чакырды.

"Эркин медиа же сынчыл көз караш дээрлик угулбаган жерлерде Мирсаидов сыяктуу журналисттер жалган жалаа менен камалгандын ордуна маанилүү иши үчүн баркталышы керек" деп айтылат 13-декабрда уюмдун аткаруучу директору Роберт Махони тараткан билдирүүдө.

8-декабрда Мирсаидовго мамлекеттин каржысын ыксыз сарптоо, жалган документ, милицияга жалган маалымат берүү жана диний, улуттук кастыкты козутуу боюнча айыптар тагылган. Журналисттин атасы Хабибулло Мирсаидов уулу бул айыптарды четке какканын "Азаттыкка" билдирди.

39 жаштагы Мирсаидов президентке, башкы прокурорго жана Согдинин губернаторуна Хужант шаарындагы аткаминерлердин жемкорлугун тыюуну өтүнүп ачык кат жазгандан бир нече жумадан кийин кармалды.

Журналист КВН командасынын Москвага барып келишин каржылоого убада берген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү андан 1000 доллар пара талап кылышканын баса көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG