Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 13:17

14-декабрда Брюсселдеги жыйында Еврокеңешке кирген мамлекеттердин башчылары Крымды аннексиялаганы жана Украинанын чыгышындагы козголоңчуларды колдогону үчүн Орусияга каршы санкцияны дагы жарым жылга узартуу боюнча чечимди колдоду.

Бул тууралуу кеңештин төрагасы Дональд Туск өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына жазды. Украинанын президенти Петро Порошенко мунун “маанилүү саясий чечим” экенин билдирди.

Орусиянын энергетика, коопсуздук жана финансы тармактарына киргизилген негизги санкциялардын мөөнөтү 2018-жылдын январында бүтүшү керек болчу.

Расмий Москва 2014-жылы аннексиялап алган Крымды кайтарып бербей турганын айтып келет. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG