Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Исаков: Инвестор үчүн шартты жакшыртуу зарыл


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекет менен жеке ишканалардын ортосундагы кызматташтык долбоорлору үчүн шартты жакшыртуу зарыл. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Сапар Исаков Бишкекте өтүп жаткан жыйында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул чөйрөгө маани берилгени менен ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлор аз болууда. Премьер буга мисал катары Балыкчы шаарында жеке ишкер курган гемодиализ клиникасын гана келтирип, мактанса болорун билдирди.

Ошондуктан, Исаковдун маалыматы боюнча, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

- Эгер бул багытта жакшы шарттарды түзбөсөк эч качан инвестор келбейт. Инвесторго Кыргызстанда иштешине ыңгайлуу болуш үчүн мыйзамга кошумча механизмдерди киргизиш керек, - деди өкмөт башчы.

Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин директору Эсенкул Момункуловдун айтымында, Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууну каалаган ишкерлерге шарттар жеңилдетилип жатат. Бул боюнча ар кыл тоскоолдуктар жоюлуп, мөөнөттөрү кыскартылууда.

Бүгүнкү жыйын Эл аралык каржы корпорациясы менен бирге өткөрүлүп жатат. Бул уюм Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG