Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Орусия: экс-министр Улюкаевге өкүм чыкканы турат


Алексей Улюкаев.
Алексей Улюкаев.

Москванын соту паракорчулук боюнча айыпталып жаткан мурдагы экономика министри Алексей Улюкаевге өкүм чыгарганы турат. Улюкаев бир саат мурда Москванын Замоскворецкий райондук сотуна келди.

61 жаштагы экс-министр орус президенти Владимир Путиндин узактан берки үзөңгүлөшү, "Роснефть" мамлекеттик мунай компаниясынын башчысы Игорь Сечинден "2 миллион доллар пара алган" деп айыпталууда.

Өткөн аптадагы соттук териштирүүдө прокурорлор Улюкаевди он жылга түрмөгө кесүүнү, аны менен катар 8,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө айыппул салууну соттон өтүнүшкөн.

Улюкаев күнөөсү жок экенин айтып, Сечинди "тергөөчүлөргө калп айтып жатат" деп айыптаган. Путин 14-декабрдагы маалымат жыйынында Сечиндин сотко келип көрсөтмө бербегени мыйзамсыз эмес экенин айткан.

XS
SM
MD
LG