Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Орусиядагы президенттик шайлоонун датасы такталды


Орус президенти Владимир Путин.
Орус президенти Владимир Путин.

Орусияда президенттик шайлоо 18-мартка белгиленип, шайлоо өнөктүгү 18-декабрда баштала турган болду. Мындай чечимди орус парламентинин жогорку палатасы - Федерациялык кеңеш 15-декабрда жактырды.

Орус лидери Владимир Путин бул шайлоого бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясынын атынан эмес, өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катышарын бейшембидеги маалымат жыйынында жар салды.

Оппозициячыл активист Алексей Навальный да бир канча ай мурда президенттик шайлоого катышаарын жарыялаган. Бирок Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Навальныйдын соттолгонун жүйө кылып, ал президенттик жарышка катыша албай турганын билдирген.

Шайлоого бараарын айткан тележурналист Ксения Собчак 14-декабрда президент Владимир Путинге суроо берип жатып, Орусияда талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG