Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Петербургдагы жардыруу боюнча Кыргызстандын жараны соттолду


Петербургдагы жардыруу.
Петербургдагы жардыруу.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында апрель айында болгон метро жардыруусуна байланыштуу Кыргызстандын жараны Обод Абдыраимов беш жылга абакка кесилди. Мындай өкүмдү Петербургдун соту 14-декабрда чыгарды. Абдыраимовго «Ислам мамлекети» террордук уюмуна адамдарды жалдаган деген айып тагылган.

Тергөөчүлөр ал жалдагандардын бири кыргызстандык Махмадюсуф Мирзаалимов метродогу теракт боюнча шектелгендердин арасында бар экенин билдиришкен. Абдыраимов өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда.

Орусиянын бийлиги билдиргендей, Кыргызстанда төрөлгөн 22 жаштагы Акбаржон Жалилов 3-апрелде метродо бомба жардырып, андан өзү менен кошо 16 киши киши мерт болгон. Бул окуядан кийин Орусиянын аймактарында Борбор Азиядан барган он чакты киши кармалган.

XS
SM
MD
LG