Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Казак кенчилери нааразылык акциясын токтотту


Иш таштаган кенчилер.
Иш таштаган кенчилер.

Казакстандын Караганды облусунда аптанын башында иш таштап, жер алдындагы шахтадан чыкпай койгон жүздөгөн кенчилер нааразылык акциясын токтотушту. "АрселорМиттал Темиртау" металлургиялык ишканасы 420 кенчи түндө шахталардан жер үстүнө чыгышканын билдирди. Бул маалыматты айрым кенчилердин жубайлары да "Азаттыкка" тастыкташты.

11-декабрдын таңында иш таштаган "АрселорМиттал Темиртау" ишканасынын кенчилери айлыкты көтөрүүнү талап кылып, жер алдынан чыкпай коюшкан. Ишкана кенчилердин бул акциясы боюнча сотко кайрылган. 14-декабрда Шахтинск шаарынын соту иш таштоону мыйзамсыз деп тапкан.

Караганды облусунун жетекчилиги кенчилер куугунтукталбай турганын, алардын айлыгы 30 пайызга көтөрүлөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG