Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Трамп: Орусия Түндүк Корея маселесинде жардам бербей жатат


АКШ президенти Дональд Трамп
АКШ президенти Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяга ядролук курал программасын токтотушу үчүн кысым көрсөтүү жаатындагы Орусиянын кызматташуусуна канааттанбай турганын айтты. Ал 15-октябрда Ак үйдүн сыртында журналисттерге сүйлөп жатып: "Кытай жардамдашууда. Орусия жардам бербей жатат",-деп айтты.

Трамп мындай пикирин орус лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн бир нече саат өткөндөн кийин билдирди. Эки тараптын расмийлери ырасташкандай, Путин менен Трамп бул сүйлөшүүдө Түндүк Корея маселесин талкуулашкан.

Кремл бул телефондук сүйлөшүүнү өткөрүү демилгеси Трампка таандык экенин кабарлаган. Президент Путин 14-декабрдагы маалымат жыйынында АКШнын Түндүк Кореяга сокку уруу ыктымалдыгынын кесепети оор болорун эскерткен.

Расмий Пхеньян Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясына каршы келген өзөктүк жана ракета сыноолорун токтото элек. Ноябрь айынын соңунда Түндүк Корея АКШга жете алган эң кубаттуу континент аралык ракетасын ийгиликтүү сынаганын жар салган.

XS
SM
MD
LG