Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:09

Кытай Казакстанга соттолгон жаранын өткөрүп берди


Казакстандын башкы прокуратурасы
Казакстандын башкы прокуратурасы

Кытайда өмүр бою эркинен ажыратылган казакстандык жаран өз мекенинин органдарынын колуна өткөрүлүп берилди.

Казакстандын ТИМи маалымдагандай, камактагы 1989-жылкы жаран Үрүмчүдөн Акмоло облусуна которулду. Аты-жөнү ачык айтылбаган казак жараны 2009-жылы Гуанчжоудо маңзат ташып жүргөнү үчүн кармалып, өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыккан. Бирок кийинчерээк өлүм жазасы өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылган.

2015-жылы Кытай менен Казакстан камактагы адамдарды бири-бирине өткөрүп берүүгө багытталган келишимди ратификациялаган. Андан бери Кытай 15 камактагы казак жаранын мекенине өткөрүп берген. (SDz)

XS
SM
MD
LG