Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Газада палестиналыктар менен Израил аскерлери кайрадан кагылышты


Газа тилкесиндеги көрүнүш. (15-декабрь, 2017-жыл)
Газа тилкесиндеги көрүнүш. (15-декабрь, 2017-жыл)

15-декабрда Израил аскерлери төрт палестиналыкты атып, дагы 150гө чукулун жарадар кылды. Жабыркагандардын көбү Газа тилкесинин чек арасына жакын жерде катталды. Ал жакта миңдеген палестиналык нааразылык билдирип, израил аскерлерине таш ыргыткан. Бул тууралуу дарыгерлерге таянуу менен батыш агенттиктери жазышты.

Палестиналыктар, араб жана мусулман өлкөлөрү менен бирге АКШ президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израил борбору деп айткан чечимине каршылыгын билдиришүүдө. АКШнын Европадагы өнөктөштөрү Трамптын чечимине тынчсызданып жатканын билдиришкен.

Иерусалимде башаламандыктар 7-декабрда башталып, кагылышуулар Хеврон, Вифлеем жана башка шаарларында болуп жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG