Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:54

Орусия менен Египет авиабайланышты калыбына келтирди


Орусия жана Египет өлкөлөр арасында авиабайланышты калыбына келтирүү боюнча келишимге кол коюшту.

Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги жазды. Орусиянын транспорт министрлиги келишимди учууларды калыбына келтирүүнүн “биринчи кадамы” катары баалап, февраль айынан баштап учактар эки өлкөгө түз каттай баштарын кошумчалады.

Эки өлкөнүн аба учуулары 2015-жылдын ноябрь айында Синай аймагында орусиялык жүргүнчү ташыган учактын кыйрашынан кийин токтогон. Кырсыкта 224 адам каза болуп, ФСБ кийинчерээк кырсык теракттын айынан болгонун маалымдаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG