Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 12:58

Казакстан өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын белгиледи


Казакстандыктар Желтоксон окуясына арналган эстеликтин алдында. (16-декабрь, 2017-ж.)

Казакстан бүгүн өлкөнүн эгемендүүлүк алган күнүн белгилеп жатат. 1991-жылдын 16-декабрында Казакстан Республикасынын көз карандысыздыгы тууралуу Конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Натыйжада мурдагы союз өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан акыркы болуп эгемендүүлүктү алгандыгы тууралуу жарыялаган.

Бул күнгө карата Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков казак элин жана президентин өлкө майрамы менен куттуктады. Куттуктоо катында Жээнбеков, эки өлкөнүн мындан аркы мамилеси бекемдөөнүн гана үстүндө жүрөрүн, казак элине тынчтык жана өнүгүү, ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге ден соолук каалады. (SDz)

XS
SM
MD
LG