Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:03

Көчмөндөр оюндарына даярдык башталды


Көк-бөрү оюну

Премьер-министр Сапар Исаков Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктарды баштоого расмий старт берди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары башка өлкөлөрдүн кызыгуусун жаратууга, туристтердин өлкөгө болгон ишеним деңгээлин жогорулатууга жана анын жагымдуулугун арттырууга көмөк көрсөтөт.

- Беш жыл аралыгында Кыргызстан өзгөрдү жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу биздин өлкөнү Жер шарындагы көптөгөн адамдар тааный баштады. Биз оюндун уюштуруучулары жана ээси катары дүйнө жүзүнө көчмөндүн жашоо образын, көчмөндөрдүн маданиятын жана цивилизациясын көрсөткүбүз келет, – деп белгиледи Сапар Исаков.

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунун аймагында 2018-жылдын сентябрь айында өтөт. Улуттук спорт оюндары боюнча мелдештер Чолпон-Атадагы ат майдан менен “Газпром” спорт комплексинде жана «Кырчын» капчыгайында болот. (SDz)

Көчмөндөр оюндары сентябрда өтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG