Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:55

Өкмөт Талас облусун өнүктүрүүгө багытталган кеңешме өткөрдү


Талас музыкалык драма театры
Талас музыкалык драма театры

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев 15-декабрда Талас облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйында өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев аймактын учурдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана облустун келечектүү багыттары боюнча маалымат берди.

Кеңешмеде Дайыр Кенекеев Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигине келечекте кубаттуулугу 1,0-1,5 млн. тонна цементти түзүүчү “Өзгөрүш” цемент заводуна инвесторлорду тартуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Ал эми Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигине аймактагы асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү, аймактын бардык райондорунда заманбап талаптарга жооп берген мал союучу цехтерди куруу тапшырылды.

Жыйында тийиштүү жетекчилерге облустагы таза суу, ооруканаларга жаш адистерди тартуу, билим берүүнү жакшыртуу, токтоп турган мектеп курулуштарын жыйынтыктоо тапшырылды.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, бул өңдүү кеңешмелер буга чейин облустар боюнча өткөрүлгөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG