Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Бишкекте 27 жаштагы кыз өзүн өлтүрүүгө аракет жасады


Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүн Бишкектеги Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн 27 жаштагы кыз өзүн таштады. Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия улуттук борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков “Азаттыкка” билдиргендей, суицидге барган кыз оор абалда ооруканага алып келинди.

- Учурда анын абалы өтө оор, реанимацияда жатат. Атайын аппарат аркылуу дем алууда, анын башы жарылганы аныкталды.

Учурда кыз эмне себептен өзүнө кол салууга барганы иликтенүүдө.

Былтыр Кыргызстанда балдар арасында 96 суицид катталган. 2015-жылы 102, 2014-жылы 106 бала өз жанын кыйган. Билим берүү жана илим министрлиги бул көрсөткүчтү азайтуу үчүн ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатканын билдирип келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG