Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:28

Хоккей: Азия чакырыгынын кубогунда Кыргызстан Малайзияга утулду


архив

Малайзияда өтүп жаткан жаштар арасында Азия чакырыгынын кубогунда кыргызстандык хоккейчилер утулуп калды. 16-декабрда малайзиялык хоккейчилер менен оюнда кыргыз курамы 6:1 эсебинде утулду.

Аталган мелдештин сайты жазгандай, кыргыз хоккейчилери оюндун алгачкы 54-секундасында эле Жанболот Тагаевдин көмөгү менен эсепти ачты. Бирок андан кийин малайзиялыктар алты ирет гол киргизген.

Учурда Кыргызстандын жаштар курамасы өз тайпасында Малайзиядан кийинки экинчи орунга жайгашты. Буга чейин кыргыз хоккейчилери Филиппин жана Бириккен араб эмирлигин ири эсепте уткан. Бүгүн биздин хоккейчилер Индиянын жаштар курамы менен кездешет. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG