Саламаттык сактоо министрлиги кечээ кечинде Ош-Бишкек жолундагы автокырсыктан өлгөндөрдүн саны жети адамга жеткенин маалымдады.
Алардын ичинен экөө бала. Кырсыктан оор жараат алган үч адам Токтогул аймактык ооруканасына жаткырылды.
Жабыркагандарга Бишкектен санавиация менен нейрохирург, окулист, бет-жаак хирургу жана реаниматолог жөнөп кетти.
Ооруканага жеткирилген үч адам дары-дармек менен толук камсыздалды. Ал эми каза болгон жети адам соттук-медициналык экспертизадан өтүп, сөөктөрү туугандарына өткөрүлүп берилди.
16-декабрь күнү саат 18:30 чамасында Бишкек-Ош автожолунун 299-чакырымында "Хундай Гетз" жана "Хонда Степвагон" автоунаалары кагышып, алгач беш адам каза болгону, дагы бешөө ооруканага жеткирилгени маалымдалган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, "Хонда Степвагон" автомашинасы Бишкек шаарынан Аксы районуна, ал эми "Хундай Гетз" автомашинасы Үч-Терек айылынан Токтогулду көздөй бара жаткан. (SDz)