Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 09:10

Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши Иерусалимди Израил борбору деп таанууга каршы резолюция долбоорун даярдоону карап жатат.

Reuters жазгандай, Египет тараптан сунушталган резолюцияда АКШ жана президент Трамптын аттары аталбайт.

Резолюциянын долбоору келе жаткан дүйшөмү же шейшембиде добуш берүүгө коюлушу мүмкүн. Документти бекитүү үчүн Коопсуздук кеңештеги тогуз өлкөнүн добушу жетиштүү, бирок АКШ кеңештин туруктуу мүчөсү катары өз күчү менен каршылыгын билдирип, резолюцияны кабыл алдырбай коюуга мүмкүнчүлүгү бар.

Reuters агенттигинин маалыматында, резолюциянын текстинде ыйык шаар деп саналган Иерусалимдин статусу жана демографиялык курамын өзгөртүү үчүн бардык аракеттер юридикалык жактан укуксуз деп таанылып, БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан жокко чыгарылат.

Өткөн жумада АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израил борбору деп атаган. Бул көпчүлүк дүйнө өлкөлөрүндө тынчызданууну жаратса, ал эми Палестинанын өзүндө толкундоо башталды. Трамптын бул сөзүнө Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас жана башка аймактык лидерлер, АКШ Жакынкы Чыгыштагы абалды курчутуп, аймактын тынчтыгына доо кетирип жатканын айтып чыгышты.

Иерусалимди Израил борбору деп таануу менен Трамп АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге көчүрүү планы бар экенин кыйыткан. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG