Катардын борбору Доха шаарында болгон достук парадына кыргызстандыктар активдүү катышканын бул өлкөдөгү Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Нуран Ниязалиев "Азаттык" үналгысына билдирди.
Жалпысы иш-чарага 2,5 миңдей чет элдиктер барышкан.
Катардын улуттук күнүнө карата жылда өтүүчү парадга Марокко, Түркия, Пакистан, Судан, Алжир, Сомали, Британия, Малайзия, Шри-Ланка, Тунис, Ливан, Жапония, Сирия, Греция, Египеттин атуулдары барышты. Кыргызстандык 50 киши жүрүшкө катышты.
Катарда 500дөй кыргызстандык жашайт.
Катарлыктар мамлекет түптөлгөн жыл деп 1878-жылды эсептешет, Көз карандысыздыкты 1971-жылы алган. Ага чейин Осмон Империясы жана Британиянын колониясы болгон. (BCh)