Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Киевде демонстранттар менен полиция кагылышты


Киевдеги демонстрация. 17-декабрь, 2017-жыл.
Киевдеги демонстрация. 17-декабрь, 2017-жыл.

Кагылышуу президент Петро Порошенкого импичмент жарыялоо чакырыгы менен 17-декабрда да Киевдин көчөлөрүнө бир нече миң адам чыккан учурда болду.

Киевдин борборундагы Эгемендик аянты аркылуу жүрүш жасаган демонстранттар Украинанын башкы прокурорунун кызматтан кетишин да талап кылышты.

Полиция Эгемендик аянтынын жанындагы "Октябрь сарайы" концерттик үйүнүн сыртындагы тирешүүдөн 32 кызматкери жабыркаганын билдирүүдө.

Демонстранттар бул имаратка азыр Украинада оппозиция лидерине айланган мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвили өз кеңсесин ушул жерде жайгаштырарын айткан соң кирмек болушкан.

Бирок полициянын жана Улуттук гвардиянын күчтөрү ага жолтоо болушту.

Полиция "Октябрь сарайы" концерттик үйүнүн сыртындагы кагылыш боюнча "коомдук имаратты басып алуу аракети", "укук коргоо кызматкерлерин коркутуу, алардын ишине тоскоолдук кылуу" деген негизде кылмыш иши козголгонун да маалымдады.

Саакашвили болсо жекшембидеги кагылышууну “президент Порошенконун оюну жана чагымы” деп мүнөздөп, ал "Октябрь сарайынан" болгону эки гана бөлмөнү ижарага алууну көздөгөнүн белгиледи.

Буга чейин Михаил Саакашвили Киевде 8-декабрдын кечинде кармалып, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок сот 11-декабрда аны бошотуп, прокуратуранын өтүнүчүн колдогон эмес.

Украин бийлиги Саакашвилини "мурдагы президент, Орусияга качып кеткен Виктор Янукович башында турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүп, алардын былыктарын жашырган" деп айыптап жатат.

Михаил Саакашвили "Жаңы күчтөр кыймылы" менен октябрь айынан бери Киевде нааразылык чараларын байма-бай уюштуруп, чатырларды тигип, президенттин кызматтан кетишин талап кылып келатат.

Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок анын саясатына каршы чыккандан кийин быйыл июлда кайра жарандыктан ажыраткан. (UE)

XS
SM
MD
LG