Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Түркия Чыгыш Иерусалимде элчилик ачууну көздөйт


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 17-декабрда билдирди. "Reuters" белгилегендей, бир нече күн мурун Эрдоган ислам өлкөлөрүнүн лидерлерин Чыгыш Иерусалимди келечектеги Палестина мамлекетинин борбору катары таанууга чакырган.

Азырынча Анкара Чыгыш Иерусалимде элчилигин кантип ачары белгисиз, анткени шаар аны борбор деп санаган израилдиктердин көзөмөлүндө.

Палестиндер бир нече жолу Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн борбору деп жарыялоого аракет кылышкан. Ал 1976-жылы Израил аскерлери тарабынан оккупацияланып, андан кийин аннексияланган. Ал кезде эл аралык коомчулук да Израилдин бул аракетин кескин сындаган болчу.

Өткөн жумада Стамбулда өткөн ислам мамлекеттеринин саммити АКШнын президенти Дональд Трамптын 6-декабрдагы билдирүүсүнө жооп болду. АКШнын лидери Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныганын жарыялаган. Анын бул кадамы "Иерусалимдин макамы израил-палестин тынчтык сүйлөшүүлөрдүн негизинде гана аныкталат" деген бир канча жылдык эл аралык макулдашууну бузду.

Учурда Израилдеги бардык чет өлкөлүк элчиликтер Тел-Авив шаарында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG