Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Алмамбет Шыкмаматовго өкүм чыгышы күтүлүүдө


Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы коюлган акция учурунда.
Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы коюлган акция учурунда.

Бүгүн Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароону жыйынтыктап, айыпталуучуга өкүм чыгарышы күтүлүүдө.

13-декабрдагы акыркы отурумда прокуратура Шыкмаматовду сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон сураган. Айыптоочу тарап ошондой эле "анын үй-мүлкү мамлекетке чегерилип, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөсүн, андан кийин анын мамлекеттик кызматта иштешине үч жылга тыюу салынсын" деген өтүнүч келтирген.

Башкы прокуратура Шыкмаматов баштаган бир нече адамга быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча иш козгогон. Аларга "2011-жылы өз ара сүйлөшүп алып, кызматтык автоунаа сатып алыш үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган.

Шыкмаматов аялы саткан автоунаанын баасы жогорулатылганы тууралуу айыптарды четке кагып, муну "саясий куугунтук" деп баалап келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG