Аталган өнөктүк ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулууда. Бул иш-чара "Демирбанк" менен кошо жүргүзүлмөкчү. Бир ай бою банк өзүнүн жер-жерлердеги филиалдары аркылуу Кыргызстандагы майып балдар, алардын укугу тууралуу маалыматтарды таратат. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Тынымгүл Эшиева "Азаттыкка" маалымдады:
- "Балага эшик ачкыла" деп аталган өнөктөштүктүн алкагында бүгүн Социалдык өнүктүрүү министрлиги, акыйкатчы жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү Шопоков шаарындагы майып балдардын үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө барышат. Алар балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташат. Бул балдар үйүндө ар кандай диагноздогу сегиз майып бала тарбияланат.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 2 млн бала болсо, анын 29 миңи майып. Бул балдардын көпчүлүгү бала бакчага, мектептерге барбайт. Балдар укугун коргоочулар алар үчүн тиешелүү шарттар түзүлбөгөнүн, майып балдардын укугу бузулуп келе жатканын белгилеп жүрүшөт.(ZKo)