Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Өмүр бою кесилгендер үчүн жеңилдетилген абак ачылат


Бул абак өмүр бою кесилгендер мөөнөтүн өтөөчү түрмөнүн ичинде ачылууда. Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, анда жыйырма жылдан ашуун жазасын өтөп, өзүн жакшы жагынан көрсөтө алгандар жеңилдетилген шарттары бар камераларга которулат:

- Бизде азыр бул талаптарга жооп берген үч киши бар. Бүгүн алар мыйзам жол бергендей, жеңилдетилген камераларга которулат. Бул камераларда алар өздөрү тамак жасап жей алышат, короого чыгып таза абада дем алууга болот.

Жеңилдетилген шарттагы абак Эл аралык кызыл чырым коомунун жардамы менен курулган. Анын 18-декабрдагы ачылышына аталган уюмдун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Сангита Кениг жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров катышат.

Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилген адамдардын саны 300гө жакын. Алар негизинен Сокулуктагы Жаңы-Жер айылындагы түрмөдө кармалышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG