Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:15

Дүйнөлүк банк Тажикстандын айыл чарбасы үчүн дагы $15 млн бөлдү


Тажикстандык дыйкандар

Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши Тажикстандын айыл чарбасын өнүктүрүү долбоорун колдоо үчүн кошумча 15 миллион доллар каражат бөлүү чечимине келди.

Долбоор тажик фермелерине жана айыл чарба ишканаларына жардам берүүгө, алардын ички жана эл аралык рынокко чыгуусуна жол ачууга багытталган.

Дүйнөлүк банктын Тажикстандагы туруктуу өкүлү Ян-Петер Олтерс айыл чарба жана тамак-аш өнүмдөрүн экспорттоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу, өндүрүштү өстүрүүгө жана элет жеринде калкты иш менен камсыздоого түрткү берет деп эсептейт.

Айыл чарбасын коммерциализациялоо боюнча алгачкы долбоор үчүн Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан 22 миллион доллар бөлүнгөн. Анын алкагында 1000дей жеке фермер, чакан жана орто айыл чарба ишканаларына жардам көрсөтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG