Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерин коюп кеткен айдоочу кармалды


19 жаштагы айдоочу бул факты боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Медербек Шабданов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ишти Октябрь райондук ички иштер бөлүмүн кароодо.

17-декабрь күнү саат 15:30дар чамасында Бишкектин Масалиев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде терезелери караңгылатылган “Лексус LX-470” автоунаасынын айдоочусу ЖКК кызматкери токтоткон учурда сүзүп, качып кеткен. Көп узабай жарыяланган "Курчоо" операциясынын натыйжасында бул ишке шектүү жаран унаасы менен кармалган.

Ал эми унаа сүзүп кеткен жол коопсуздугун камсыздоо кызматкери Бишкек шаарынын №4 ооруканасына жаткырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG