Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Төрт халифтин өмүр баяны тууралуу кыргызча китеп жарык көрдү


Төрт халиф тууралуу топтом.
Төрт халиф тууралуу топтом.

Бишкекте “Дил азык” басма үйү менен “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду ислам тарыхындагы төрт халиф тууралуу “Чарыяр” аттуу китептер топтомун басып чыгарды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Дил азык” басма үйүнүн өкүлдөрү билдиришти.

Төрт томдон турган китеп Мухаммед пайгамбардан кийин ислам халифатын башкарган төрт халиф - Абу Бакир Сыддык, Умар бин Хаттаб, Осмон бин Аффан жана Али бин Абуталибдердин өмүр таржымалын баяндайт. Китепте алардын жашоосу, мусулманчылыкты кабыл алышы, Мухаммед пайгамбардын убагындагы эрдиктери, алардын мамлекет башчысы болуп шайланышы, шайлангандан кийин ар биринин доорунда кандай тарыхый окуялар болгондугу тууралуу кенен маалымат берилген.

Топтомдун түзүүчүлөрүнүн бири Сейитбек Идирисов билдиргендей, төрт халиф тууралуу Кыргызстанда элдик оозеки чыгармаларда учкай айтылганы менен кыргызча китеп болуп биринчи жолу чыкты.

Мухаммед пайгамбардын өлүмүнөн кийин түзүлгөн ислам халифаты (мамлекети) мусулман дүйнөсүндө "Адил халифат" деп аталат (632-661). Аны төрт халиф - Абу Бакир Сыддык, Умар бин Хаттаб, Осмон бин Аффан жана Али бин Абуталиб башкарган. Алардын башкаруу мезгилинде халифатка Араб жарым аралы, Шам, Кавказ, Түндүк Африканын Мисирден Туниске чейинки бөлүгү жана Иран аймагы караган. (ErN)

XS
SM
MD
LG