Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:28

Жалал-Абадда мечиттерде жол коопсуздугу боюнча баракчалар таратылат


Жалал-Абад шаары.
Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад облусунда дин кызматкерлери жарандарды жол эрежелерин сактоого үндөп, атайын баракчаларды таратат. Муфтияттын басма сөз кызматы 18-декабрда билдиргендей, облус казысы Абдулазиз Закиров менен облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн жетекчиси Авазбек Досов жолугушуп, ушул маселени талкуулашты.

Жол кырсыктарынын алдын алууга дин кызматкерлерин да тартуу боюнча сүйлөшүүдө жума намазга келгендерге эскертүү баракчаларын таратуу маселеси талкууланды. Кагаздарга "Үй-бүлөң сени күтүп жатат", "Абайлап айда" сыяктуу жазуулар болот. Андан тышкары, жол эрежесин сактоо боюнча диний баяндар айтылат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 700дөн көп адам жашоо менен кош айтышты. (SE)

XS
SM
MD
LG