Кыргызстандын аймагында ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө багытындагы пландуу текшерүү учурунда аткезчилик жол менен өрдөк этин ташып келаткан «Вольво FN12» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бажы кызматынын “Түндүк” оперативдик бөлүмүндөгүлөр кабарлашты.
Текшерүүдө белгилүү болгондой, автоунаадан табылган 15000 кг өрдөк этинин ЕАЭБдин бажы аймагына алып кириш үчүн берилчү товардык документтери жок болуп чыккан. Мыйзамсыз ташылып келаткан товар Кытайда өндүрүлгөнү белгилүү болду. Жүк 2 млн. 376 миң сомго бааланган.
Жүк ташуучу автоунаа кыргызстандык М.Н.К. аттуу жаранга таандык экени аныкталып, иш тергөөгө жөнөтүлдү. (ErN)