Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Шыкмаматовдун соту башталбай турат


Алманбет Шыкмаматов.
Алманбет Шыкмаматов.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту башталбай турат. Отурум бүгүн (18-декабрь) саат 14:00гө белгиленген. Бирок Шыкмаматовдун ишине байланышы бар киши катары айыпталган германиялык Али Юкселге котормочу жок болгондуктан, тыныгуу жарыяланган.

Сотко Шыкмаматовду колдоп парламенттин депутаты, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, жарандык активист Рита Карасартова жана башка коомдук ишмерлер келишти.

Шыкмаматов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, бүгүн ал жарыш сөзүн жана акыркы сөзүн сүйлөп, өкүм чыгышы мүмкүн.

13-декабрдагы отурумда прокуратура Шыкмаматовду сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон сураган. Андан тышкары, "анын үй-мүлкү мамлекетке чегерилип, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөсүн, андан кийин анын мамлекеттик кызматта иштешине үч жылга тыюу салынсын" деген өтүнүч келтирген.

Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп өз аялына таандык "Мерседес-Бенц" Е320 автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканы" айтылат.

Германиялык жаран Али Юксел жетектеген "Барат Юкс" ишканасы Эсеп палатасына кызматтык унаа сатуу үчүн тендерге катышкан

Алмамбет Шыкмаматов өзүнө коюлган айыпты четке кагып, муну "саясий куугунтук" деп баалап келет. (SE\BKa)

XS
SM
MD
LG