Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 12:14

Атланта аэропортуна электр энергиясы кайра бериле баштады


Атланта аэропортундагы жүргүнчүлөр. 17-декабрь, 2017-жыл.

Атлантанын эл аралык аэропортунда электр энергиясы калыбына келтирилди. Жоржиа штатындагы бул шаардын аэропортунда кечээ бир миңдей каттам аткарылбай калды. Электр энергиясы 11 саат бою жок болду.

Аэропорттун имараты караңгыга батып, кээ бир жүргүнчүлөр жарыксыз терминалдарда, учактардын ичинде калган. Конууга келаткан учактар башка шаарларга кайтарылып жатты. Аэропортту электр энергиясы менен камсыздаган компания электр ишканасында өрт чыкканын билдирди.

XS
SM
MD
LG