Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Тегеранды калың түтүн каптады


Тегеран. 18-декабрь, 2017-жыл.
Тегеран. 18-декабрь, 2017-жыл.

Ирандын жетекчилиги Тегерандагы жана анын айланасында бардык мектептерди жабууга, спорттук иш-чараларды башка күнгө которууга буйрук берди. Башкалааны жана анын айланасындагы чөлкөмдөрдү калың түтүн каптады. Бардыгы болуп ал аймакта 14 миллиондой киши жашайт.

Тегерандын негизги сегиз паркына кошумча "Тез жардам" машиналары жөнөтүлдү. Ооруканалар дем алуу органдары жабыркаган бейтаптарды кабыл алууга даяр турат. Бийлик жол кыймылына да чектөө киргизди.

Тегеран – абасы эң көп булганган борбор шаарлардын катарына кирет. Кышында суук аба ырайынын жана шамалдын жоктугунан түтүн ого бетер коюуланат. Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги 2012-жылы атмосферанын булганышы башкалаада 4,5 миң, өлкө боюнча 80 миң кишинин өлүмүнө салым кошконун билдирген.

XS
SM
MD
LG