Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Нарында жөлөкпул боюнча мыйзамга каршы жарандар кайра митингге чыгышты


Нарында акцияга чогулгандар.
Нарында акцияга чогулгандар.

Жөлөкпулдар боюнча жаңы мыйзамга каршы отуздай тургун Нарын облустук акимчилигинин алдына бүгүн да нааразылык митингине чогулушту. Алар балдары үч жаштан өткөн адамдардын жөлөкпул алуу тартибин туура эмес деп эсептешет.

Чогулгандар “3 жаштан 4 жашка чейинки ар бир балага жөлөкпул төлөнсүн”, “Жээнбеков, кызматыңды балдардын ырыскысын кыскарткандан баштадыңбы?” деген плакаттарды кармап турушат. Акциянын уюштуруучуларынын бири Кенжекан Сатыбалдиева алар талаптары аткарылбаса ачкачылык жарыялаганга чейин барышарын айтты.

Тургундардын нааразылыгын өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов угуп, бул боюнча өкмөткө сунуш берилгендигин билдирди. Митингчилер 13-декабрда да нааразылык акциясына чыккан болчу.

Жаңы жылдан тартып Кыргызстанда «балага сүйүнчү» бала төрөлгөндө бир жолу, «балага жөлөкпул» үч жашка чейинки баланы багууга ай сайын, «үй-бүлөгө көмөк» 3төн 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан көп баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын жана «социалдык жөлөкпул» пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга ай сайын төлөнүп берилет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, парламент депутаты Аида Касымалиева буга чейин "Азаттыкка" жаңы төрөлгөндө бардык балдарга 4 миң сом сүйүнчү, үч жашка чейин балдар ай сайын 700 сом, үчтөн көп баласы бар үй-бүлөдөгү балдарга 16 жашка чейин айына 500 сомдон жөлөкпул чегерилип жатканын айткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG